• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шарджа эмиратынан Ош шаарына жаңы түз аба каттамы ачылат - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 22.08.02. /Кабар/. 2022-жылы 20-февралда Бириккен Араб Эмиратынын Шарджа эмиратынан Кыргызстандын Ош шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жаңы каттамдын ачылышы КРнын экономикалык дипломатиясын жана туристтик потенциалын өнүктүрүү максатын көздөйт. Каттамды Air Arabia компаниясы аткарат.

Графикке ылайык, G9 886 рейси Airbus A320 учагы менен Шарджа эл аралык аэропортунан жума жана жекшемби күндөрү саат 21:45те (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп, "Ош" эл аралык аэропортуна саат 03:15те (жергиликтүү убакыт боюнча) конот.

G9 887 рейси "Ош" эл аралык аэропортунан дүйшөмбү жана ишемби күндөрү саат 04:25те (жергиликтүү убакыт боюнча) «Шарджа» эл аралык аэропортуна карай саат 18:25те (жергиликтүү убакыт боюнча) конот.

Air Arabia жүргүнчүлөрдүн сапарынын ар бир этабында, ден соолуктун жана коопсуздуктун эң жогорку стандарттарын ишке ашыруу үчүн БАЭде аныкталган Covid-19дан акысыз камсыздандыруу болорун белгиледи. Air Arabia каттамдары боюнча саякатчылар кошумча документтерди көрсөтпөстөн, камтуу брондоо учурунда автоматтык түрдө кошуларын белгиледи.

Маалымат үчүн: "Air Arabia" авиакомпаниясы 2009-жылдын 9-сентябрында БАЭнин Шарджа эмиратында негизделген жана баш кеңсеси Шарджа эмиратында жайгашкан, жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда иш алып барган арзан авиакомпания болуп саналат. Авиакомпания 2019-жылдын 4-июлунда КРнын борбору Бишкек шаарына биринчи рейсин ачкан.

Пикир

Оставить комментарий