• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Багдат Амреев Анкарада Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы менен жолугушту

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Элчи Багдат Амреев Түрк Кеңешинин Башкы Катчысы болуп шайлангандан кийинки жолугушуулар алкагында Анкарада Түркия Республикасынын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым менен 2018-жылдын 12-сентябрында Анкарада жолугушту.

Жолугушууда Башкы катчы Багдат АмреевТүркия Мажлиси Улуттук Улуу Жыйынынын ар дайым Түрк Кеңешин ар тараптуу колдогону үчүн төрага Биналы Йылдырымга ыраазычылык билдирди.

Бул жолугушууда Башкы катчы Багдат Амреев Түрк Кеңеши курулгандан баштап бүгүнкү күнгө дейре тышкы саясаттан баштап экономикага, логистикадан билим берүүгө дейре он төрт багытта аткарган иш-чаралары боюнча толук маалымат берүү менен, БУУнун менен иштешкен Европа коопсуздук кеңеши, Ислам Кызматташтык уюму,ж.б.у.с. сыяктуу эл аралык деңгээлдеги уюмдар менен да бирге аткарган иш аракеттери жөнүндө да айтып берди. Башкы катчы Багдат Амреев акыркы болуп өткөн Саммитте алынган чечимдер аркылуу Түрк Кеңешинин кызматташуусун өркүндөтүү үчүн түзүлө турган Жол картасы боюнча да маалымт берди.

Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым Башкы катчы Багдат Амреевди жаңы кызматы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Башкы катчы Багдат Амреевге берген маалыматтары үчүн ыраазычылык билдирип, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык Кеңешине колдоо көрсөтүп келгенин, мындан кийин да колдоо көрсөтө берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда мындан ары да кызматташалы деген мааниде тараптар бири-бирине белек тартуулады.

Жолугушууда Башкы катчы Багдат Амреевди Башкы катчынын орун басары Др.Өмер Кожоман жана долбоорлор боюнча директор Асан Мажитов коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий