• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Байдаркада жана каноэде сүзүү боюнча КР чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Бүгүн “Ала Арча” спорт базасында байдаркада жана каноэде сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алат. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Мелдеш жеке жаатта жүргүзүлөт. Жарышка 16 жаштан жогору, чоңдор арасында спорттук даярдыгы 1-разряддан кем болбогон спортчулар катышат.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен алдыңкы байгелүү орунду ээлеген спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги диплом жана медалдары менен сыйланышат.

Турнир 15-июлда аяктайт.

Спорттук мелдешти өткөрүү үчүн 32 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий