• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Байден 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. АКШнын президенти Жо Байден 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирди.

"Эгер менин саламаттыгым азыркыдай жакшы болсо, анда талакерлигимди коём", — деди Байден АВС телеканалынын кабарчысы берген "Шайлоо алдындагы убадаңызды аткарып, эки мөөнөт иштеп бересизби?" деген суроого жооп берип жатып.

Байден президенттик шайлоодо Республикалык партиядан Дональд Трамп талапкерлигин койсо, анда анын экинчи мөөнөт үчүн ат салышуу ыктымалдыгы жогорулай турганын кошумчалады.

Жо Байдендин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышар-катышпасы анын популярдуулугу кескин төмөндөп кеткен акыркы айларда америкалык басылмаларда кызуу талкууланууда. Эгер 79 жаштагы Байден талапкерлигин койсо, анда ал АКШнын тарыхындагы экинчи мөөнөткө ат сатышкан эң улгайган президент болуп калат.

Бир нече басылманын маалыматына караганда, Байден экинчи мөөнөткө баруудан баш тартса, Демократиялык партиянын атынан вице-президент Камала Харрис менен транспорт министри Пит Бутиджичтин талапкер болууга ниети бар.

Өткөн жумада Ак үйдүн өкүлү Жо Байдендин экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий