• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Байден демократтардын атынан расмий түрдө президенттикке талапкер болду

Дүйнө 0

Бишкек. 19.08.20. /Кабар/. Демократиялык партия АКШ президенттигине өзүнүн талапкери катары Жо Байденди расмий түрдө бекитти.

Чечим шейшемби, 18-августта партиянын жалпы улуттук съездинде кабыл алынды. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу “Американы бириктирүү” урааны алдындагы съезд онлайн режиминде өттү. Добуш берүү дагы видеоформатта жүрдү. АКШ аймактарынан жана штаттарынан шайланган партиялык делегациялар өз праймериздеринин жыйынтыгын жарыялашты. Жалпысынан Жо Байден делегаттардын 3,5 миң добушун топтоду.

Жо Байден 3-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо азыркы президент Дональд Трамптын атаандашы болот. Сурамжылоолорго ылайык, Трамп Байденге караганда азыраак колдоого ээ. Ушуну менен 77 жаштагы Байден АКШнын президенти болууга үчүнчү жолу аракет жасоодо.

Съездге бир апта калганда Жо Байден АКШнын вице-президенттигине Калифорниядан сенатор Камала Харристи тандады.

Пикир

Оставить комментарий