• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Байге фонду 1 млн сом. Кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Байге фонду 1 млн сом. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун жаркын элесине арналган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкектеги "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Катышуучулар 62, 75, 85, +85 кг жана 75 кг салмакка чейинки абсолюттук салмакта күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий