• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байге фонду 100 миң сом: Бишкекте “Кыргызстан сулуусу – 2019” сынагы өтөт

Коом 0


Бишкек, 16.09.19./Кабар/. Бишкекте ““Кыргызстан сулуусу – 2019” сулуулук сынагы өтүүдө. Сынактан жеңип чыккан бийкеч Кыргызстандын намысын Miss World, Miss Universe жана башка сулуулук сынактарда коргойт.

Сынактын жеңүүчүсүнө алтындан жасалган таажы кийгизилип, 100 миң сом ыйгарылат.

Сынактын финалдык бөлүгүнө 30 бийкеч өткөн.

“Тандоодон өткөн кыздардын арасынан 20га жакын кыз негизги сынакка катышуу үчүн калат. Кыргызстандын эң сулуу бийкечи наамы үчүн болгон күрөш оор жана кызыктуу болоору анык. Ушул күндөн баштап биз катышуучулар тууралуу маалыматтарды жарыялай баштайбыз. Баардык каалоочулар өзүнө жаккан бийкечти колдой алат”, - дейт уюштуруучулар.

Пикир

Оставить комментарий