• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Байге фонду 500 миң сом. Бишкекте акындар арасында эркин форматта айтыш өтөт

Маданият 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында Бишкек шаарындагы "Асанбай борборунда" Curltai Folk жаңы эркин айтыш чемпионаты өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлайт.

Иш-чара Curltai Folk - эркин чыгармачылык аянты долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Curltai Folk долбоорунун максаты – алдыңкы технологияларды колдонуу менен ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо, ошондой эле мурастарды заманбап дизайнда чечмелөө жана бул байлыкты келечек муундарга заманбап форматта, салтты урматтоо менен тартуулоо болуп саналат.

Иш-чаранын жалпы байге фонду 500 миң сом.

"Чемпионаттын өзгөчөлүгү 360 градуска тартуу, көптөгөн кинокамералар жана жогорку технологиялык үн менен коштоо болот", - деп билдиришти уюштуруу комитетинен.

Чемпионатка КР Эл артисти Саламат Садыкова, манасчы, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, "Манас Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Рысбай Исаков , КР Эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиевдер калыстык кылмакчы. Ошондой эле көрүүчүлөр Curltai Folk Youtube каналында онлайн добуш берүү аркылуу "элдик" акыны тандай алышат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында айтышка катышчу акындар арасында чучукулак өтүп, алардын атаандаштары белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий