• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Байге фонду 500 миң сом. Ошто мэрдин кубогу үчүн ат чабыш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Ошто мэрдин кубогу үчүн ат чабыш өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюндар 31-августта Төлөйкөн айылындагы ипподромдун аймагында өткөрүлмөкчү.

Ат чабыш үч багытта болот: тай, кунан, аламан.

Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэриясы “Аргымак” федерациясы менен биргеликте уюштурууда. Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзөт.

Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий