• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байге фонду 504 миң сом! Эртең 17 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышкан жарыш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 21.09.19. /Кабар/. Эртең, 22-сентябрь күнү Бишкекте 17 өлкөнүн жөө күлүктөрү катыша турган эл аралык BONAQUA атындагы жарым марафон өтөт. Бул тууралуу "Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмесинин башчысы Мелис Надыров билдирди.

Анын айтымында, жарышка Россия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Индия, Кытай, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Япония, Аргентина, Франция, Корея, Польша, Англия, АКШдан 1470 спортчу катталган.

Марафон 22-сентябрда эрте мененки саат 9:00дө Арча-Бешик конушунда орун алган "Газпром" спорт комплексинин алдынан башталып, спортчулар 7-апрель көчөсү тарапка жүгүрүшөт.

Жөө күлүктөр 3, 10, 21 чакырымга жана таяк менен басуу боюнча жарышат.

Жарыштын байге фонду 504 миң сомду түзөт. 21 чакырым аралыкка чуркап, маарага биринчи келген спортчу 100 миң сом, экинчи келген 70 миң, үчүнчү келген 50 миң сом алат.

Эскерте кетсек, алгачкы Бишкекте өткөн жарым марафон 2 жыл мурун болгон. Анда 15 өлкөдөн келген 1 миң 600 жөө күлүк чуркаган. Мурунку жылы 23 өлкөдөн 1 миң 800 адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий