• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байге фонду 800 миң сом. Маданият министрлиги оркестр коллективдери арасында сынак жарыялайт

Маданият 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эл чыгармачылыгын, аткаруучу чеберчиликти, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган оркестр коллективдери арасындагы республикалык сынак жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынактын максаты КРнын "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын иш жүзүнө ашырууну көздөп,

- кыргыз музыкалык маданиятынын алтын корунан омоктуу орун тапкан, элди, жерди даңазалаган патриоттук жаңы эл аспаптар оркестрлеринин чыгармаларын жаратуу жана аларды кеңири жайылтуу, жалпы элдин энчисине айландыруу;

- материалдарды, репертуарларды байылтуу, чыгармачылыкта улуттук оригиналдуулукту сактоо менен жаңы чыгармаларды жогорку көркөмдүктө элге жеткирүү жана урпактарга мурас калтыруу;

- өспүрүмдөрдү маданиятка жана патриоттук багытта тарбиялоо максатында заманбап эл аспаптар оркестрлеринин жана аспапчылык багыттагы атуулдук чыгармаларды жаратуу жана оркестр коллективтеринин ишин жандандыруу жана жаңы таланттарды табууну көздөйт.

Шарттары:

Кароо-сынакка төмөндөгү оркестр коллективтеринен башка бардык фольклордук жана эл аспаптар оркестрлери катыша алат:

1. Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл-аспаптар оркестри;

2. Бишкек шаардык мэриянын алдында түзүлгөн эл аспаптар оркестри;

3. Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли.

Сынакка катышуу үчүн оркестр топтору өздөрү жөнүндө мүнөздөмө жана курамынын тизмесин Улуттук маданий борборго тапшыруу керек;

Сынакка катышуучу оркестр топтору кароо сынак үчүн 3 чыгармасынын партитурасын же клавирин 2 нускада, CD дискке жазылган фонограммасын жана 30 мүнөттүк концерттик программасын 2022-жылдын 28-апрелге чейин Улуттук маданий борборго (Бишкек ш. Пушкие к. 78 дарегине) “Оркестр” конкурсука деп белгиленген шифр менен тапшырышат;

Катышуучу оркестр топтору төмөндөгү эки чыгарманы сөзсүз түрдө аткаруу керек:

1. “Машботой” (А. Огонбаев)

2. “Эргиме” (Ш. Шеркулов)

Оркестр коллективтери арасындагы республикалык сынак 2022-жылдын 3-4-май күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Чыгармаларды баалоонун критерийлери:

1. Музыканын дал келиши.

2. Музыкалык тилдеги оригиналдуулук.

3. Музыкалык формалардын даана жана так сакталышы.

4. Оркестрде иштеп чыгуу.

5. Улуттук кийим жана сахна маданияты.

Эскертүү! Партитура, клавир же CD диски толук болбогон документтер калыстар тобу тарабынан каралбайт.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи кароо-сынакка катышкан оркестр коллективтеринин гала-концертти менен коштолуп, 2022-жылдын 5-майында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Катышуучулардын транспорт, жатакана жана тамак-аш чыгымдары өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Байге фонду 800 миң сом.

- I орундан - (1 орун) диплом, акчалай сыйлык;

- II орундан - (2 орун) диплом, акчалай сыйлык;

- III орундан - (3орун) диплом, акчалай сыйлык;

- Кызыктыруучу сыйлык - (10 орун) диплом, акчалай сыйлык;

Калыстар тобу кароо-сынакты баалоо жана сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн анын курамы композиторлор, белгилүү чебер аткаруучулар, маданият жана искусство ишмерлеринен түзүлөт.

Байланыш: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбор: (0312) 66-24-04, 0774 36 95 10.

Пикир

Оставить комментарий