• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байкоңурда "Байтерек" комплексинин курулушу 2022-жылдын биринчи жарымында башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Байкоңур космодромунда "Байтерек" ракеталык комплексинин курулушу 2022-жылдын биринчи жарымында башталат. Бул тууралуу Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусин билдирди.

Анын айтымында, комплекстин эскиздик долбоору бекитилип, учурда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.

""Байтерек" долбоору боюнча иштер пландуу түрдө уланып жатат. Албетте, алгач курулуш иштерин быйыл баштасакпы дегенбиз, бирок эскиздик долбоорду кароо узакка созулуп кетти. Россия тарап ракетаны, биз болсо ишке киргизүү комплексин даярдайбыз. Бул экөө бири-бирине туура келиши үчүн эскиздик долбоордо көптөгөн тактоолор болду. Курулуш иштери эки жылдын ичинде бүтүшү керек. Россиянын "Союз-5" ракета алып жүрүүчүсүн тесттик түрдө учуруунун мөөнөтү мурдагыдай эле — 2023-жылдын аягына пландалууда", — деди министр.

Казакстан менен Россия "Байтерек" долбоору тууралуу алгачкы жолу 2004-жылы билдиришкен. Анда тараптар космостук аппараттарды "Протондордун" ордуна кыйла экологиялык ракеталар менен учурууну пландап жатканы кабарланган.

Быйыл ноябрда Казакстан биргелешкен "Байтерек" ишканасындагы Россиянын үлүшүн көбөйтүү тууралуу ортодогу макулдашууга сунушталган өзгөртүүлөрдү ратификациялаган. Ага ылайык, ишканадагы Россиянын үлүшү 99% чейин көбөйүп, Россия тарапка "Союз-5" ракета алып жүрүүчүсү менен "жылына эң аз дегенде эки жолудан" космостук аппараттарды учуруп туруу милдеттенмеси жүктөлгөн.

Казак бийлигинин билдиришинче, бул долбоордо Казакстан "Зенит-М" ракеталык комплексинин базасында жердеги космостук инфраструктураны модернизациялоого, Россия болсо "Союз-5" ракета алып жүрүүчүлөрүн даярдоого жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий