• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Байланыш комитети даттануулар боюнча комиссиянын өкүлү Жолошевдин “Коопсуз шаар” боюнча маалыматын четке какты

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Даттануулар боюнча комиссиянын төрагасы Музарбек Жолошевдин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге коюлган колдун мыйзамдуулугуна шек жараткан маалыматтары чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады (МТБМК).

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Мамлекеттик комитет Бишкек шаарынын район аралык сотуна көз карандысыз ведомство аралык арыздарды кароочу комиссиянын чечимин четке чыгаруу боюнча административдик доо жөнөткөн.

Аны менен бирге аталган комиссиянын чечимин токтотуу тууралуу өтүнүч кат жөнөткөн. Бул кайрылуу боюнча канааттандырарлык чечим кабыл алынган жана комиссиянын өкүлдөрү он күндүн ичинде арыз менен кайрылууга укугу бар болгон. Бирок ведомство аралык комиссия арыз менен кайрылган эмес. Ошол себептен комиссиянын чечимин токтотуу чечими мыйзамдуу түрдө ишке кирген.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жүргүзүлгөн онлайн аукциондо “ВЕГА” аттуу россиялык компания жеңүүчү деп табылган. Бирок арыздар боюнча комиссия компания тарабынан кетирген мыйзам бузууларды айтып, сотко арыз менен кайрылып бул чечимди жокко чыгарууну суранган.

Пикир

Оставить комментарий