• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамдарын ишке ашыруу алкагында Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин бекитүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда уюлдук байланыш каражаттары, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр калктын кеңири катмары тарабынан колдонулууда, ошондуктан алар көп уурдалган жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына контрабанда жолу менен алып келген буюмдардын катарына кирет. Уурдалган телефондор атайын программалык каражаттардын жардамы менен тазаланат жана ортомчулар, же интернет аркылуу башаламан базарларда кайра сатылат. Ошол эле учурда ушундай кылмыштардан жапа тарткан адамдар мобилдүү түзүлмөлөрдү жана жабдууларды сатып алууга короткон каражаттарын гана жоготпостон, көп учурларда кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон маанилүү маалыматтарын дагы (байланыштар, билдирүүлөр, башка маалыматтар) жоготушат.

Мындан тышкары, белгилүү болгондой, бажы жыйымдарын төлөбөстөн, өлкөгө түзүлмөлөрдү контрабандалык жол менен алып келген ак ниетсиз ишкерлер бар экендиги жашыруун эмес, натыйжада мамлекеттик бюджетке финансылык каражаттар толук түшпөйт, ошол эле учурда мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү жеткирүүчүлөрдүн ортосунда адилетсиз атаандаштык өнүгөт.

Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрлер кабинети тарабынан Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик системасын уюштуруу жана мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалымат жиберүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин бекитүү чечими кабыл алынды.

Иштелип чыккан Тартиптин долбоору Мамлекеттик идентификациялоо системасын түзүүнү карайт, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- түзүлмөлөрдү алып келүүнү контролдоо аркылуу мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө түрткү берет (бажылык тазалоодон өтпөгөн түзүлмөлөр өлкөнүн операторлорунун байланыш тармагында иштебейт);

- уурдалган мобилдүү байланыш түзүлүштөрүнүн саны азаят (мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн уурдоо маанисин жоготот, анткени уурдалган түзүлүштөр өлкөнүн операторлорунун байланыш тармагында иштебейт);

- жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы ак ниетсиз атаандаштык жоюлат;

- мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануунун коопсуздугун жогорулайт.

Ошондой эле түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик системасы жергиликтүү байланыш операторлорунун тармактарында ар бир түзүлүштү текшерүүдөн, каттоодон, аутентификациялоодон жана авторизациялоодон өткөндөн кийин түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун "ак", "боз" жана "кара" тизмелерин түзүүнү жана байланыш кызматтарын көрсөтүүнү карайт.

Натыйжада, Мамлекеттик идентификациялык системаны ишке киргизүүдөн улам байланыш түзүлүштөрүн керектөөчүлөрдү коргой турган шарттарды түзүү жана бул түзүлүштөрдү сатуу рыногунда адилеттүү жеткирүүчүлөрдүн ортосунда акыйкат атаандаштыкты өнүктүрүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий