• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Байсалов 2022-жылдын 6-7-апрелиндеги БУУ ЕЭК Туруктуу өнүктүрүү боюнча Регионалдык форумунун төрагасы болуп шайланды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруу комитетинин 120-кеңешмесинин катышуучулары БУУ ЕЭК Туруктуу өнүктүрүү боюнча Регионалдык форумунун төрагалыгына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун талапкерлигин жактырышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтөт.

Форумдун жыйынтыгы боюнча отчет даярдалышы күтүлүүдө. Бул документ 2022-жылдын июлунда Экономикалык жана социалдык кеңештин калкасы алдында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун алкагындагы маалымдама документ катары колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий