• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Байсалов бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги No24 мектеп-гимназиясынын базасында уюштурулган тестирлөө борборуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал борбордун жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө даярдыгын текшерип, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо шарттары, аудиториялардын сыйымдуулугу, ошондой эле тесттик материалдардын сакталышы жана даярдалышы менен таанышты.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары «Билимди балоо жана окутуу усулдары борбору» көз карандысыз тестирлөө уюмунун жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен 2022-жылдагы ЖРТнын жүрүшү тууралуу сүйлөштү.

Эдил Байсалов журналисттер үчүн брифингде мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, учурда талап кылынган жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ошондой эле абитуриенттерди жогорку окуу жайларга тапшырууда педагогикалык жана инженердик адистиктерди тандоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий