• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байсалов Балыкчы шаарындагы бир катар социалдык-маданий объектилерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары сапарынын башында Балыкчы шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барды.

Мекеме Балыкчы, Тоң, Ысык-Көл жана Кочкор райондорунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүп келет.

Эдил Байсалов мекеменин жамаатына учурда президенттин Жарлыгына ылайык, социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими даярдалып жатканын эскертти.

Кеңешменин катышуучулары эмгек шартына тийиштүү актуалдуу проблемаларды, атап айтканда, жаш адистерди ишке тартуу жана анда кармап калуу маселелерин талкуулашты. Андан соң ал аталган борбордун инфраструктурасынын абалы менен таанышты. Бейтаптарды суюк кычкылтек менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары Эдил Байсалов Балыкчы шаарындагы «Ордо» муниципалдык жаштар борборуна барды.

Аталган мекеме жаштарды социалдык-экономикалык маселелерге жана коомдук турмушка кеңири тартуу максатында түзүлгөн. Борборду кыдырып чыккан соң Эдил Байсалов жаш активисттер жана волонтерлор менен жолугушуп, алар учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Эдил Байсалов ошондой эле Ысык-Көл облусундагы алдыңкы мектептердин бири саналган Балыкчы шаарындагы К.Абдылдаев атындагы №3 мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда балдар эки сменде окушат.

Андан соң Эдил Байсалов Ысык-Көл кинотеатрында болуп, анда имараттын инфраструктурасын модернизациялоо планы тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий