• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байсалов Баткен облусундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тактап айтканда, ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты.

Сапардын алкагында Эдил Байсалов 500 окуучуга эсептелген №3 У.Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты.

Жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий