• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байсалов: Бишкекте 2027-жылы экинчи Тоо саммити өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Жакынкы беш жылда Кыргызстан тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин глобалдык күн тартибин жетектейт, анын жыйынтыгы катары Бишкекте 2027-жылы өтүүчү экинчи Тоо саммити саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Эл аралык Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын” жыйынтыгына арналган “Экологиялык жана социалдык-экономикалык коопсуздук – тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн фактору катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү тоолордун калыптанган жашоо образына көптөгөн олуттуу кесепеттерин, анын ичинде суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн бузулушу, флора жана фаунанын өзгөрүшү сыяктуу коркунучтарды туудурган шарттарда Кыргыз Республикасынын жетекчилиги бул маселе боюнча илимий изилдөөлөрдү мобилизациялоодо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу жана аны жумшартуу, ошондой эле тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууда, саясий жана экономикалык ресурстарды тартууда өзүнө чечүүчү ролду алды», — деп белгиледи Эдил Байсалов.

Конференциянын жүрүшүндө 2022-жылы өткөн Эл аралык Тоолор жылынын жыйынтыгы чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жылдын 14-декабрында БУУ Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясынын алкагында кабыл алынган «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерге» старт берилди.

Пикир

Оставить комментарий