• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Байсалов «Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк» форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк» бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдрет.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасында мындай форум алгач ирет өтүүдө жана ал Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоого арналган.

«Жаратылыштык жана адамдык ресурстарга бай Борбор Азия мамлекеттерин айрым алып караганда, регион олуттуу мааниге ээ болуусу үчүн анын чакандыгы жана ыраак жайгашкандыгы тоскоолдук жаратат, ошол эле учурда жалпысынан регон катары биз Европа Биримдигине өз «көз-карашыбызды» сунуштай алабыз. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү – биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт», – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ал белгилегендей, биз күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрүбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздап, жакырчылыкты төмөндөтүп, курч социалдык көйгөйлөрдү чечип, этностор ортосундагы биримдикке өбөлгө түзүп, заманбап дүйнөдөгү башка коркунучтарды жеңип чыгууга, биринчи кезекте биздин өлкөлөрдү климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого жана анын кесепеттерин жумшартууга мүмкүндүк алабыз.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгып, иш-чарага катышуучу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оңдуу багытта өнүгүүсүнө жана анын чыңдалышына өз салымын кошот, ошондой эле жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга көмөк берет деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий