• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Байсалов БУУ КЖКБнын Регионалдык кеңсесинин Азия-Тынч океан аймагы боюнча директорун кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Регионалдык кеңсесинин Азия-Тынч океан аймагы боюнча директору Индрик Ратватте менен жолукту.

Тараптар негизинен өлкөдө качкындардын көбүрөөк коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

БУУ КЖКБнын Регионалдык кеңсесинин директору Кыргызстан 2019-жылы жарансыздыктын белгилүү болгон бардык фактыларын жок кылган дүйнөдө биринчи өлкө катары таанылганын белгилеп, качкындар боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууда өлкөгө мындан ары жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы баш калкалоого муктаж адамдар жана качкындар менен иштөө жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууга өзгөчө маани берет.

Бул жаатта олуттуу жылыштар болуп, мыйзамдык база түзүлүп, качкын макамын аныктоонун зарыл процедуралары жана механизмдери киргизилип, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жатканы айтылды.

Натыйжада, акыркы жылдары Кыргыз Республикасындагы качкындардын санынын олуттуу кыскарышы байкалды, бул өлкөдөгү миграциялык процесстерди жөнгө салууда оң фактор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий