• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Байсалов Чолпон-Атадагы бир катар маданий-тарыхый объектилерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Байсалов Чолпон-Ата шаарындагы маданий-тарыхый маанидеги бир катар объектилерди кыдырды.

Эдил Байсалов «Алтын Балалык» медициналык реабилитациялык борборунун иши менен таанышты. Белгилей кетсек, аталган комплекстин иши өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн, атап айтканда, балдардын жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары негизги экспозициялык жана тематикалык залдарды камтыган Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругуна барды. Музейде тарых, археология, көчмөндөрдүн тиричилик буюмдары коюлган. Эдил Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте музейдин жаңы имаратын куруу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Андан соң ал Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон» кинотеатрында болуп, аталган объектинин абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий