• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байсалов Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин отурумун өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жаңыланган курамынын биринчи отурумун өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Коомдук саламаттык сактоо координациялык кеңешке караштуу ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Координациялык кеңештин оутрумунун жыйынтыгы боюнча КРнын Саламаттык сактоо министрлигине Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңешке караштуу ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин жаңы жобосун жана жаңы курамын иштеп чыгуу боюнча секторлор аралык жумушчу топту түзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий