• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Байсалов: Кыргызстан үчүн Япония достук мамиледеги өнөктөш мамлекет

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик вице-министри Таро Хонда менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан үчүн Япония жакын жана достук мамиледеги өнөктөш мамлекет. Ал республиканын эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоону жана өнүктүрүүнү жактай тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик аице-министри Таро Хонда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана аны тереңдетүүгө карай даярдыгын билдирди.

Тараптар эл аралык саясаттын жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий