• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Байсалов: Кыргызстан дагы үч миң жыл бою БУУнун мүчөсү жана эгемендүү мамлекет катары калат

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУ туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык програмасынын бетачарында сөз сүйлөп, анда бул иш-чаранын Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз», - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары .

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий