• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Байсалов: Кыргызстан Корея менен кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Кыргызстан Корея менен кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Корея Республикасынын мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Чечхон шаарынын азыркы мэри Ким Чанг Гю жетектеген кореялык делегация менен жолукканда билдирди.

Эдил Байсалов Чечхон жана Талас шаарларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча келишимге кол коюлганын кубаттап, бул жаңы достук көпүрөсү болуп Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойнойт деген ишенимин билдирди.

“Корея Республикасы Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Муну эске алуу менен биз Корея Республикасы менен достук мамилелерге жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани беребиз”, - деди Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө.

Ал ошондой эле Ким Чанг Гю мырзанын Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп турганда шайлоо процессин заманбап технологиялар менен камсыз кылуудагы өзгөчө ишин белгиледи.

Чечхон шаарынын мэри Ким Чанг Гю кыргыз-корея кызматташтыгы ар түрдүү тармактарда динамикалуу өнүгөт деген ишенимин билдирди.

“Корея Республикасы экономиканын автомобиль өнөр жайы, роботторду, станокторду жана эң заманбап өнөр жай жабдууларын чыгаруу, IT-чечимдерди чыгаруу сыяктуу экономика тармактарын өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң жана уникалдуу тажрыйба топтогон. Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө даярбыз”, - деди Ким Чанг Гю.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу, туризм, айыл чарба тармагындагы кызматташууну жакшыртуу, ошондой эле, жумушчу күчүн тартуу жана студенттерди окутууда алмашуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий