• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Байсалов Лейлек районундагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарында Баткен облусунун Лейлек районундагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ак-Арык айылындагы орто мектептин абалы менен таанышкан соң, мектеп капиталдык ремонтко муктаж экенин белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле Кулунду айылындагы "Кулунду-Нур" балдар бакчасы жана Таир Жолдошев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып чыкты.

Андан соң ал Лейлек районунун тургундары менен жолугушту.

«Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулат. Президентибиз Садыр Жапаров дагы «Баткен – менин жүрөгүмдө» деп айтты. Кыргыз Республикасы Баткен облусунан башталат. Айрыкча, чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Башталган иштер сөзсүз аягына чыгарылат» -деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле ал Максат айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун абалы менен таанышып, COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын онлайн-форматта өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий