• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Байсалов: Мамлекеттик инновациялык борбор креативдүү класстын сүйүктүү аянтчасы болуп калат

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик инновациялык борбор ойлоп табуучулар, окумуштуулардын иши үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат. Бул туурасында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине караштуу алгачкы Мамлекеттик инновациялык борбордун ачылыш салтанатында билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эдил Байсалов балдар инновациясынын лабораториясы, коворкинг-аянтча, өнөр жай инновациялар лабораториясы, ошондой эле китепкана менен таанышты.

«Президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан маанилүү окуя – алгачкы Мамлекеттик инновациялык борбордун ачылышы менен куттуктайм. Бул жаштарды, таланттуу окумуштууларды жана ойлоп табуучуларды, креативдик клдасстын өкүлдөрүн колдоого алуу үчүн өзгөчө кайталангыс аянтча болуп саналат, анда алар чыгармачылык менен алектенип, инновацияларды, стартаптарды иштеп чыгып, заманбап технологиялардын жаңы тренддери менен тааныша алат. Бул борбор толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен ачылгандыгы кубанычтуу. Бул алгачкы саамалыктар, мындай борборлор республикабыздын бардык аймактарында түзүлүшү керек. Инновациялык борбордо балдардын робот техникасында, программалоодо жана 3D-моделдештирүүдө билим алуусу жана билимин өркүндөтүүсү үчүн шарттар түзүлгөн. Мындай 3D-принтерлер инновациялык борборлордо жана университеттерде гана эмес, ар бир кесиптик-техникалык окуу жайларда жана мектептерде болуусу керек. Биздин окуу жайлар өлкөдөгү инновациялардын өнүгүүсүнө, окуучулардын алдыңкы технологияларды үйрөнүүсүнө өбөлгө түзүүчү заманбап техника, атаандаштыкка жөндөмдүү билим менен камсыздалышы тийиш. Мындан тышкары, инновациялык борбордо стартаперлерге, бизнес-коомчулукка интеллектуалдык менчик укугун коргоого тийиштүү эксперттердин консультациясы берилет, ошондой эле өз бизнес-долбоорлорун иштеп чыгуу жана анын бетачарларын тартуулоо үчүн аянтча түзүлөт», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий