• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байсалов: Министрлер кабинети эски ыкмалардан баш тартып, жаңыча иштеши керек

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинети эски ыкмалардан баш тартып, жаңыча иштөөгөсү керек, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин үчүнчү жыйынында.

Атап айтканда, Байсалов өкмөттүн мурдагы чиновниктери тарабынан башталган натыйжасыз программаларды тапканын, алар дагы деле аткарылып жатканын билдирди.

“Премьер-министр жана министрдин өзү жок, ал эми идеясы дагы деле ишке ашырылып жатат. Эгер мунун бары иштегенде ал бийлик дагы деле отурмак. Азыр бизде жаңы жетекчилик, жаңы ресурстар, жаңы эл аралык жана ички абал. Учурда биздин эң башкы душманыбыз – бул инерция. Көнүмүш адаттар, эски, формалдуу жана кайдыгер мамиле. Биз бардык мамлекеттик кызматтардан мунун барын кайра карап чыгып, жаңы идеяларды табууну талап кылып жатабыз. Бизде калктын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт жана келечегибиз кең. 20-30 жылдан кийин таптакыр жаңыча көз караш болот”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте КРнын жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин үчүнчү жыйыны өтүп жатат. Аталган кеңеш КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылы 7-сентябрдагы буйругу менен түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий