• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Байсалов Ош шаарындагы бир катар жогорку окуу жайлардын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарындагы бир катар жогорку жана орто атайын окуу жайларынын окутуучулар жамааты менен жолугушуп, алардын материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Байсалов Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, Кыргыз-Өзбек университетинде, №16 кесиптик лицейде болду.

Жолугушуунун алкагында учурда өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого, билим деңгээлин жогорулатууга, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ошол эле учурда Байсалов эң көп талап кылынган адистиктердин бири болгон педагогикалык тармакты маанилүү багыт деп атады.

Жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Мамбетакунов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова да катышты.

Пикир

Оставить комментарий