• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Байсалов: Пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн, аны оңдоого убакыт келди

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эдил Байсалов КРнын Социалдык фондунун райондук башкармалыктарынын иши менен таанышып, ошондой эле облустун активи менен жолугушту, анда пландаштырылып жаткан пенсиялык реформа тууралуу кеңири токтолду.

Ал белгилегендей, өлкөдө пенсиялык камсыздоо деңгээли өтө төмөн, буга байланыштуу пландаштырылып жаткан реформанын негизги максаты пенсиянын базалык ставкаларын жогорулатуу жана бүтүндөй пенсиялык системанын туруктуулугун жана финансылык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Райондун жашоочулары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарына пенсияны адилет бөлүштүрүү маселесине өзгөчө көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, реформанын алкагында бир катар олуттуу өзгөрүүлөр пландаштырылууда, бул өз кезегинде коомдо түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн. Ошого карабастан, бардык өзгөртүүлөр жарандарыбыздын пенсиясын жогорулатууга жана аны адилет бөлүштүрүүгө гана багытталган.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Социалдык фонд тарабынан пенсиялык реформаны талкуулоо боюнча уюштурулган тегерек столго катышты.

Тегерек столго бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бюджеттик тармактын кызматкерлери жана ишкерлер катышып, анда пенсиялык тутумдагы пландаштырылып жаткан бардык өзгөртүүлөр боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

«Биздин пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн. Аны оңдоого убакыт келди. Пенсионерлерге татыктуу карылыкты камсыз кылышыбыз керек. Биригүү аркылуу алдыдагы өзгөрүүлөр эмнеге багытталганын ар бир жаранга түшүндүрүү зарыл. Бул жеңил болбойт, бирок бизде саясий эрк жана келечекте татыктуу пенсия алуу үчүн ай сайын эмгек акысынын бир бөлүгүн которуп турган жарандардын колдоосу бар», - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий