• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда 82 миңден ашык кыргызстандык “кара тизмеде” турат

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-апрелине карата Россияда 82 миңден ашык кыргызстандык “кара тизмеде” турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Жылдыз Таалайбек кызы Россиядагы эмгек мигранттарынын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча кандай иштер аткарылып жатканын сураган.

“Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелине карата Россияга кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын саны 82 миң 420 адамды түзөт. Жаран "кара тизмеде" экинин билбей, билет сатып албашы үчүн чек ара жана миграция кызматы иш алып барууда. Азыр жарандар бул маалыматта алдын ала текшере алат”, - деди Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий