• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Байсалов жана БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун өлкө боюнча директору кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун (UNFPA) өлкө боюнча директору Ронни Линдстром биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эдил Байсалов UNFPA өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчисин кызматка дайындалышы менен куттуктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан өлкөбүзгө көрсөтүлүп жаткан колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында биздин республикада калкты жана турак жай фондун улуттук каттоо кампаниясы жүргүзүлүп, учурда сиздердин жардамыңыздар менен мамлекеттик программаларды пландаштырууну жана анын даректүүлүгүн жакшыртуу максатында жыйынтыктар иштелип чыгууда», - деди ал.

БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун өлкө боюнча директору Ронни Линдстром республика үчүн кызыкчылык туудурган долбоорлор боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык-демографиялык статистика тармагындагы потенциалды чыңдоо, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, гендердик теңчилик, мигранттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын балдары үчүн социалдык долбоорлор сыяктуу багыттарда өз ара аракеттенүү маселесин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий