• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Байсалов жана ЮНИСЕФтин аймактык директору балдарды социалдык жактан коргоо маселесин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген ЮНИСЕФ Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн аймактык директору Афшан Хан менен жолугушту.

Байсалов белгилегендей, Кыргызстан социалдык багыт алган мамлекет катары балдарды социалдык жактан коргоону камсыздоо, бала жана эненин ден соолугун коргоо жана чыңдоо, билим берүү тутумун өркүндөтүү, сапаттуу медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана балдардан билим берүү тейлөөсүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, зомбулуктан жана дискриминациялоодон сактоо боюнча практикалык чараларды ишке ашырууга багытталган активдүү социалдык саясатты жүргүзөт.

Ал эл аралык уюмга коронавирустук пандемиянын кесепеттерин жоюуда көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана калкты эмдөө өнөктүгү тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Афшан Хан мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык милдеттенмелерге, тактап айтканда, жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын 50%га жогорулатылышына оңдуу баа берди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкө жетекчилигинин атынан ЮНИСЕФтин негизделгендигине 75 жыл толушу менен куттуктап, Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеген Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү катары Бириккен Улуттар Уюмунун институттарынын ишмердүүлүгүндөгү өзүнүн ролун жогорулатат деп ишендирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий