• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Байсалов Женевадагы БУУ европалык форумунда Кумтөр боюнча билдирүү жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Регионалдык форумун ачууда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргыз Республикасынын жана канадалык эл аралык тоо-кен иштетүүчү «Centerra Gold Inc.» компаниясынын келишимине бурду.

«Биздин ири алтын кенибиз, улуттук байлыгыбыз толугу менен кыргыз мамлекетинин менчигине өттү. Келишим тынчтык жол менен, бардык кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу негизде түзүлгөн келишим болду. Кыргыз Республикасы мыйзам үстөмдүгүн коргоону жана эл аралык инвестициялар үчүн бардык эл аралык жана улуттук кепилдиктерди жактай тургандыгын ырастайт. Биздин өлкө бизнес үчүн ачык», - деп билдирди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий