• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Байсалов: Жыл аягына чейин пенсия жана бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда жылдын аягына чейин пенсияны жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу парламенттик угууларда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө социалдык жөлөкпулдардын жана социалдык тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акылары жогорулады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети КРнын пенсиялык системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүү боюнча Концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий