• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Байтик айылындагы мектепте окуучулар массалык түрдө ууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Байтик айылындагы мектепте окуучулар массалык түрдө ууланды, - деп кабарлайт Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 8-декабрда болжол менен саат 23:00дө тез жардам линиясы аркылуу Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын медициналык тез жардам бөлүмүнө «тамак-аш токсикоинфекциясы» диагнозу менен Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-интернатынан 8ден 20 жашка чейинки 23 бала жеткирилген.

Балдардын баарына медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Аламүдүн райондук Мамсанэпидкөзөмөл борбору тарабынан эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын эпидтоп жерине барган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

«Балдардын абалы менен жеринен таанышуу максатында ооруканага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жөнөп кетти», - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий