• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” аттуу эл аралык симпозиум болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, ОшМУнун проректору И.Кенжаев, “Дүйнөлүк лидерлер бирикмеси” мамлекеттер аралык уюмунун жетекчиси Лариса Горчакова, Беларусь, Болгария, Россия, Таджикстан, Өзбекстан, Сербия мамлекеттеринен келген окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана Кыргызстандын башка шаарларынан келген коноктор ошондой эле, студенттер катышты.

Эл аралык симпозиумда маданият жаатындагы кызматташуу, тажрыйба алмашуу, тарых, каада-салт, үрп-адат жаатында сүйлөшүүлөр болду.

Асылбек Топчубаев алыс жакындан келген конокторго ыраазычылык билдирип, симпозиумга ийгилик каалады.

Анын жүрүшүндө акын-жазуучулардан маданиятты баарлашуу болуп, докладдар окулду.

Пикир

Оставить комментарий