• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңыдан дайындалган өкүлдү эмгек жамаатына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды. Байыш Юсупов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп иштеп келген.

Эске сала кетсек, облустун мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев 8-августта өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган.

Байыш Юсупов 1957-жылы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында төрөлгөн. 1979-жылы Россиянын “Иванов” текстиль жана жеңил өнөр-жай иниститутун, инженер-технолог адистиги, 2003-жылы Ош технологиялык университетин бухгалтер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн.

2012-жылы “Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көтөрүү” деген темада диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Эмгек жолу 1979-1988-жылдарда, "Октябрдын 50 жылдыгы "атындагы Ош пахта комбинатында (ХБК) катардагы кызматкерликтен, өндүрүштүн жетекчисине чейинки кызматтарда иштөө менен башталып, 1988-жылы Ош облустук элдик көзөмөл комитетинде бөлүм башчы, андан соң 1989-1993-жылдарда Кара-Суу пахта тазалоочу заводунун директору, 1993-2009-жылдарда “Ак-Алтын” АКсынын жетекчиси болгон.

2009-2012-жылдарда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими, 1990-2013-жылдар аралыгында Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы, 2013-жылдан тартып ушул мезгилге чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

2001-жылы Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын “Даңк” төш белгиси менен сыйланган.

Футбол боюнча спорттун чебери, Кыргызстанда бир канча жолу чемпион жана вице-чемпион болгон, эл аралык ареналарда өлкөнүн намысын коргоп келген “Жаштык – Ак-Алтын” футболдук командасынын негиздөөчүсү.

Кыргыз, орус жана немец тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий