• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу: 93 факт аныкталып, келтирилген чыгым 4,4 млн. сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча 93 факт аныкталып, келтирилген чыгым 5 млн. 414 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору Нурлан Жумаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, өз билемдик менен бак-дарактарды кыюудан жалпысынан 4 млн. 418 миң сомго зыян келтирилген. “Кыйылган бактардын саны 1 миң 692ни түзгөн, көлөмү – 802 м3. 62 материал боюнча 873 миң сом кайра төлөндү”,- дейт Жумаев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Мамлекеттик токой чарба фондунун аймагында 16 өрт катталып, 103 гектар аянт күйгөн. Өрт 2,6 гектар жерди ээлеп, келтирилген зыян 221,5 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий