• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Бакай-Ата” конушу борбордук канализацияга кошулат

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. “Бакай-Ата” конушу борбордук канализацияга кошулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Бакай-Ата” жаңы конушунда канализациялык насостук станцияны орнотуу менен канализациялык тармак курула баштады.

“Борбордук канализация тутуму конуштун борбордук көчөсүнөн өтүп, келечекте үйлөр дагы ага туташтырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Курулуштун жалпы узундугу 4,2 километрди түзөт жана иштер план боюнча 2022-жылдын аягына бүткөрүлөт.

Курулуш иштерин сынактан утуп чыккан “Усен-Аман” курулуш компаниясы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, каржылоо булагы шаардык бюджет болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий