• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин «Бакай-Ата» конушунда мыйзамсыз 8 терек кыйылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.22./Кабар/. Бишкектин «Бакай-Ата» конушунда мыйзамсыз 8 терек кыйылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-январга караган түнү “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын маалымат кызматына “Бакай-Ата” конушунун тургундарынан мыйзамсыз бактарды кыюу боюнча кайрылуу түшкөн.

Тургундардын айтымы боюнча, Ак-Сай көчөсүндө түнү менен 8 терек кыйылган.

Айтылган дарек боюнча “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери барып, жашылдандыруу ишканага эч кандай кайрылуулар түшпөгөнү маалым болду.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылып, шектүүлөр шаардык милиция бөлүмүнө тапшырылды.

Автоунаа айып аянтчасына токтотулду.

Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери бак-дарактарга келтирилген зыянды эсептөө үчүн Мамлекеттик экология жана климат боюнча комитетине жөнөтөт.

Пикир

Оставить комментарий