• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Бакай-Ата» конушунун жашоочулары аналогдук берүүнү өчүрүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте жаштар уюмдарынын ыктыярчылары калкты санариптик телерадиоберүүгө өтүү тууралуу маалымдоо боюнча акция өткөрүштү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Свердлов районунун “Бакай-Ата” конушунун жашоочуларынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү конуштун 80% үй чарбалары санариптик телеберүүгө кошулгандыгын көрсөттү.

Акциянын жүрүшүндө ыктыярчылар маалыматтык баракчаларды таратып, жергиликтүү тургундарга санариптик стандарттагы жабдууларды туура орнотууну түшүндүрүштү. Ошондой эле, аз камсыз болгон бир үй-бүлөгө ресивер тапшырышты.

Буга удаа акцияда ыктыярчылар СТВ каналы менен биргеликте «Интерньюс в Кыргызстане» техникалык колдоосунда «Санарипти жандыр» теледолбооруна тартылышты.

Белгилей кетсек, иш-чарага “Лидер”, “Жаш журналисттер” жаштар клубдарынан, Республикалык дебаттык борбордон жана Азия балдарына жардам көрсөтүү фондунан (АСС) 40тан ашык ыктыярчы катышты.

Пикир

Оставить комментарий