• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакай-Ата райондук милициясы окуучуларга жолдо коопсуз жүрүү боюнча эрежелерди үйрөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен бирдикте Боо-Терек айылында орто мектептерде милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу иштерин алып барышууда. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашы жете электердин катышуусу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлүп жатат.

"Мектеп окуучуларына, айрыкча, жаңы баштапкы класстарга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын жолдон коопсуз өтүшү боюнча үйрөтүүлөрдү өткөрүп жатышат. Кандай учурларда жол кырсыгына учурабай өтсө болот. Жолго чыкканда унааларды карап, шашпай этият болуп, чуркабай жай өтүү керектиги айтылды. Жол чырактардын белгиси боюнча дагы үйрөтүүлөр болуп, балдардын суроолоруна жооптор берилди. Мындай алдын алуу иштери ар бир орто мектепте уланып, тынымсыз иш жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий