• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бакай-Ата райондук милициясынын башчысы мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Марат Шайбеков милициянын көчмө кабылдамасы менен Боо-Терек айылында жайгашкан Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинде окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, 9-класстан жогорку окуучулардын ата-энелери, мугалимдер катышты.

"Жыйында жашы жете электердин эрте никеге туруусу, коомдук жайларда өздөрүн алып жүрүүсү боюнча тарбиялык маанидеги бир катар сунуштар айтылды. Андан тышкары жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, укук бузуучулуктун абалы тууралуу маалымат берилди.

Жаңы мыйзамда ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча катаалдашканы талкууга алынып, алар балдарын катуу көзөмөлгө алып, аларга жакшы көңүл буруп, ишенимдүү мамиледе болуу керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Андан соң райондук милициянын начальниги М.Шайбеков башталгыч класстардын окуучулары менен жолугуп, алардын жолдо жүрүү эрежелери боюнча билим деңгээлин текшерди.

Окуучулар ар кандай суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты. Жыйында бир гана кылмыштуулук эмес. Айылдагы турмуш-тиричилик маселелер да айтылып, ага тийиштүү мамлекеттик кызматтар чара көрөөрүн билдирди.

Жыйын аяктаганда ошол аймактарга бекитилген тескөөчүлөргө жол кырсыктарынын жана балдар катышкан кылмыштарды болтурбоо максатында тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий