• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакай-Ата райондук прокуратурасы 2,4 гектар жер аянтын кайтарды

Аймак 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл өкмөтү 2006-жылы мамлекеттин менчигиндеги кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү 2,4 гектарды түзгөн жер участогун айылдын тургунуна мыйзамсыз бергендигин Бакай-Ата райондук прокуратурасы аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузууну четтетүү максатында райондук прокуратура жерди берүү боюнча кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн 2,4 га жер аянты кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий