• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакай-Ата районунда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ачылышы болду

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ачылышы өттү. Бул тууралуу АРИСтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакыт Нарбаев, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин облусттук координатору Айжамал Шамбетова, айыл өкмөт башчысы У.Буланбеков, АРИСтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Имараттын курулушуна жалпы 7 млн 744 миң 322 сом керектелген, анын ичинен Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттын көлөмү 4 млн 596 миң сомду, ал эми Ак-Дөбө айыл аймагынын коомчулугунун өздүк салымы 3 млн 148 миңди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий