• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакай-Ата районунда төө буурчак жыйноо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунда төө буурчакты оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондо 18 миң 390 гектар жер аянтка төө буурчак эгилген. Ал жалпы айдоо жер аянтынын 75 пайызын түзөт.

Белгилей кетсек, өндүрүлгөн төө бурчак толугу менен экспортко жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий