• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакай-Ата райондук милициясынын жетекчилиги жергиликтүү калк менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Марат Шайбеков Бакай-Ата районунун айылдык аймактарында КР президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек, Бакай-Ата районунун акими Имаров Алгынбай менен Кең-Арал жана Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2021-жылы аткарган иштеринин отчеттук ​ жыйынына катышты.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында аймактагы жетишкендиктер жана көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, тиешелүү тармактар калкка ​ жоопторун берилди.

Шайбеков Марат милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандарды кабыл алып, ички иштер органдары милдеттүү болгон суроолорго жооп берип, көйгөйлөрдү жеринен чечүүдө.

Жыйынга Талас облустук мамлекеттик администрациянын жана тиешелүү мекемелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда. Жарандардын баардык кайрылуулары катталып, чечүү максатында каттоого алынды. ​

Жыйында аткарылып жаткан иш чаралар жана облустун жетишкендиктери тууралуу баяндамалар берилди.

Андан тышкары, КР резидентинин «Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында жарандарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ ысырапкерчиликке жол бербөөгө жана ​ коомдук тартипти сактоого чакырышууда. ​

Бакай-Ата ​ РИИБнин кызматкерлери ​ ар бир айылды​ ​ милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, жарандардын арыз билдирүүлөрүн кабыл алууда.

Пикир

Оставить комментарий