• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бакай-Атада дайынсыз жоголгон 2 жашар бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бакай-Атада дайынсыз жоголгон 2 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 12-апрелинде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБнин Нөөмөт бөлүмүнө Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну телефон аркылуу ошол эле күнү саат 15:30 чамасында 2 жашар баласы Айткулов Рамзан Адилетович үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерге ошол эле замат Талас ОИИБи менен Бакай-Ата РИИБнин тергөө-ыкчам топтору барып текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда, Р.Айткуловдун апасы саат 15:00дөр чамасында үйүнүн эшигинин алдында кайненеси экөө кир жууп жаткан, Рамзан жанында басып ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин эле баласын издеп таппай калышкан.

Аталган арыз Бакай-Ата РИИБнин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталды. Жоголгон баланы издеп табуу максатында Талас ОИИБнин жана Бакай-Ата РИИБнин 80ден ашык кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары менен Кара-Суу жана Талас дарыясы бойлоп издөө иштери жүргүзүлдү. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн.

Аталган факты боюнча, азыркы учурда дайынсыз жоголгон Р.Айткуловду табуу максатында жогорудагы көрсөтүлгөн күч каражаттары менен Талас дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилери: бою болжолу менен 55-65 см, толук дене түзүлүштө, чачы кыска күрөң түстө, кой көз.

Кийген кийими: кара түстөгү мойну туюк кофта (водолазка), кызыл түстөгү чыптама (безрукавка), астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү көлөч.

“Жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милициянын 102 кызматына кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Андан тышкары байланышуу үчүн телефондор: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий